Загрузка документа…
КУМБЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезексиз XXХIV-сессиясы
2018-жылдын 28-декабры №1
Кумбел айыл аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун негиздеп, Кумбел айыл аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көөлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 17011,0 мин сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен “Атайын эсептин” бюджетинин кирешелер жана чыгашалары 1800,0мин сом.
2. Кумбел айыл аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көөлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 17834,7 мин сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен “Атайын эсептин” бюджетинин кирешелер жана чыгашалары 1800,0 мин сом.
3. Кумбел айыл аймагынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көөлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 18513,7 мин сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен “Атайын эсептин” бюджетинин кирешелер жана чыгашалары 1800,0 мин сом.
4. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Көчөровко жана ФЭБнүн башчысы С.Байтиковага милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А.Мамытов |