Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 23-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Кийикбаев Мухаммадалинин өз менчигинде турган жер аянтчасынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылындагы Эшматов Султан атындагы көчөнүн тургуну Кийикбаев Мухаммадалинин өз менчигинде турган жер аянтынын багытын өзгөртүү максатында маалыматты угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылындагы Эшматов Султан атындагы көчөнүн тургуну Кийикбаев Мухаммадалинин өз менчигинде турган жер аянтчасынын 0,04га жер аянтына Жийде айылындагы Эшматов Султан атындагы көчөнүн тургундарына мечит куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |