Редакцияот 08.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

6-чакырылышынын кезексиз 24-сессиясы

2019-жылдын 08-февралы № 24-1

 Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-2023 жылдарга карата стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

 Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-2023жылдарга карата стратегиялык планы жөнүндөгү өткөрүлгөн коомдук угууларда айтылган ой-пикир сунуштарды угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык Көк-Жар айылдык кенеши

Токтом кылат:

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-2023жылдарга карата стратегиялык планы жактырылсын. (тиркеме тиркелет).

2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-2023жылдарга карата стратегиялык планы бекитилсин.

3. Ушул кабыл алынган пландарга ылайык иш алып бару жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Туманов