Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-июлу № 64
Алыш-Дан кооперативинин башчысы Т.Төлөмүшөвдун,аксакалдар сотунун төрагасы А.Бааназаровдун,Анар-суу мекемесинин жетекчиси Дүйшеев Капсардин,Зардалы айылынын Коргон чек ара тосотунун кол башчысынын, Б.Байназаров атындагы башталгыч мектебинин мүдүрү А.Омурзакованын арыз-өтүнүчтөрүн карап,туруктуу комиссиянын сунушун угуп,талкуулап, Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алыш-Дан кооперативине аймакты өнүктүрүүдө тартылган инвесицияга айыл өкмөт тарабынан 100 миң сомду колдоо катарында;
Б.Байназаров а.б.м 100 миң сомду миграция менен иштешүүгө мектепти оңдоп түзөөгө;
Аксакалдар сотуна 15 миң сомду материалдык техникалык жардам ирээтинде көп жылдардан бери өндүрүлбөй жүргөн ижаралардан түшкөн каражаттардан бөлүнүп каралсын.
2. Коргон тосотуна 50 миң сомду Баткен облусунун 20 жылдыгына карата атканасынын оңдоого;
Анар-Суу мекемесине айылды үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу долбооруна айыл өкмөттүнө түшүрүлгөн кошумча бюджетинен өзгөртүү киргизилип 50 миң сом бөлүнүп каржылансын.
3. Бюджетке киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматты тийиштүү мекемелер менен макулдашуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков
|