Редакцияот 08.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

6-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясы

2019-жылдын 08-февралы № 24-2

 Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылынын жаңы көчөсүнө Кадыралиев Акмат атындагы көчө деп ат коюу жөнүндө

 Көк-Жар аыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылынын жаңы көчөсүнүн жашоочуларынын арызын жана бул тууралуу Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 31беренесине ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылынын жаңы көчөсүнүн жашоочуларынын арызы канааттандырарлык деп табылсын.

2. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылынын жаңы көчөсүнүн аты Кадыралиев Акмат атындагы көчө деп макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Туманов