КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезексиз 24-сессиясы
2019-жылдын 08-февралы № 24-4
Көк-Жар айыл аймагындагы ВИЧ. СПИД оорусу менен ооруган 9 жаранга жана тоголок жетим балдар 5 жаранга кезексиз жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагындагы ВИЧ.СПИД оорусу менен ооруган 9 жаранга жана тоголок жетим балдар 5 жаранга кезексиз жер тилкесин ажыратып берүү тууралуу Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамына ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагындагы ВИЧ.СПИД оорусу менен ооруган 9 жаранга жана тоголок жетим балдар 5 жаранга, жер тилкеси бериле турган учурда кезексиз жер тилкеси берилишине макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Туманов |