Редакцияот 19.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

6-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы

2019-жылдын 19-февралы № 25-2

2019-жылга карата айыл өкмөтүнүн жарандарынын тамарка салыгына  жеңилдиктерди берүү жана  коэфициенттерди белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 324-беренесинин 1,2,3бөлүмчөлөрүнө ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагында 2019-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына 1,2 коэфициенти бекитилсин.

2. 1,2,3- топтогу мүлк салыгы 1,0 коэфициенти менен эсептелинсин.

3. Тамарка салыгынан 1308 (бир миң үч жүз сегиз) кожолука жеңилдик берилсин (пенсионерлер, көп балалуулар, ВОВ катышуучулары, ДРА,Баткен, ЧАЭС, майыптар).

4. Жеңилдик алган жарандардын тамарка аянты 0,15 га ашса, ашыкча аянты үчүн тамарка салыгын төлөө жагы милдеттендирилсин.

5. Жогорудагы салыктардын план боюнча мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге жана ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Туманов