Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 25-3
Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин «Абшыр-Таңы» СПАнын жана «Тешик-таш» ИСКААБнын 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетторун угуу жөнүндө
Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы А.Карабаевдин,
«Абшыр-Таңы» СПАнын директору М.Абдиллазизовдун жана «Тешик-Таш» ИСКААБнын башчысы А.Жаяевдин 2018-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыктарын угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы А.Карабаевдин 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын жана жайыт жеринен Кыргыз Республикасынын 2013-жылдагы 13-сентябрындагы №515 токтомуна негиз жайыттын башка багытта пайдалануу үчүн өздөштүрүүгө жердин контурун тактап берүү жагы бир айдын ичинде жайыт комитетинин төрагасы А.Карабаевге милдеттендирилсин.
2. «Абшыр-Таңы» СПАнын директору М.Абдиллазизовдун 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
3. «Тешик-Таш» ИСКААБнын башчысы А.Жаяевдердин 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
Төрага | Н.Туманов |