Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 25-4
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Абдразаков Асилбектин жазган арызы жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын Абдразаков Асилбектин жазган арызын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Абдразаков Асилбектин эки жашар баласынын жүрөгүндө порок бар ошону операция кылуу үчүн турмуш шарты оор болгондуна байланыштуу акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин,бюджет жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |