Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 25-6
Көк-Жар «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2018-жылга карата аткарылган иштеринин отчету, 2019-жылга карата бюджетин, калькуляциясын жана штаттык бирдиктерин бекитуу жөнүндө
«Көк-Жар-Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2018-жылга карата аткарылган иштеринин отчету, 2019-жылга карата бюджетин, калькуляциясын жана штаттык бирдиктерин бекитуу максатында Көк-Жар айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Көк-Жар-Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2018-жылга карата аткарылган иштеринин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. «Көк-Жар – Тазалык муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата түзүлгөн бюджети 860 540 (сегиз жүз алтымыш мин беш жүз кырк сом) болуп бекитилсин.
3. «Көк-Жар-Тазалык» ишканасынын штаттык бирдиги, ишкананын уставына негиз, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбегендей түзүлсүн.
4. «Көк-Жар-Тазалык» ишканасынын калькуляциясы Кыргыз Республикасынын 1981-жылдын 11-декабрындагы № 457-буйругунун таштанды салыгынын тарифинин прейскурантына негиз бекитилсин.
Төрага | Н.Туманов |