Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 13 / 1
Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары. экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 07.12.2018- жыл № 5/1 “Кара –Кулжа айылында мүрзө жайдын толуп калгандыгына байланыштуу Кайып-Ата дыйканчылык чарбасынын жер аянтынан көрүстөнгө 3.6 га жер аянтын бөлүп берүүгө жогорку органдарга сунуш берүү жөнүндөгү ” чечими жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 -беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын "Жер жөнүндөгү” кодексинин 20-беренесинин, 12-бөлүкчөсүнүн талаптарына ылайык баалуу айыл чарба жерлерин башка категорияга которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктарына киргендигин жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 07.12.2018-жыл № 5 / 1 “Кара –Кулжа айылында мүрзө жайдын толуп калгандыгына байланыштуу Кайып-Ата дыйканчылык чарбасынын жер аянтынан көрүстөнгө 3.6 га жер аянтын бөлүп берүүгө жогорку органдарга сунуш берүү жөнүндөгү" протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кара –Кулжа айылында мүрзө жайдын толуп калгандыгына байланыштуу Кайып-Ата дыйканчылык чарбасынын жер аянтынан көрүстөнгө 3.6 га жер аянтын, айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга (трансформациялоо) жогорку органдарга сунуштоо жагы Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Жер аянтын бир категориядан башка категорияга (трансформациялансын) которуу боюнча тийиштүү документтерин тариздөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жаанбаев Тургунбайга тапшырылсын.
Төрага | Б.Саипов |