Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 20-декабры № 13 / 2
Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 07.12.2018- жыл № 5/3 “Кара –Кулжа айыл аймагындагы калктуу конуштардагы турак үй курууга берилип кеткен 48.26 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга (трансформациялоо) жогорку органдарга сунуш берүү жөнүндөгү” чечими жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын "Жер жөнүндөгү” кодексинин 20-беренесинин, 12-бөлүкчөсүнүн талаптарына ылайык баалуу айыл чарба жерлерин башка категорияга которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктарына киргендигин жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 07.12.2018-жыл № 5 / 3 “Кара –Кулжа айыл аймагындагы калктуу конуштардагы турак үй курууга берилип кеткен 48.76 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга (трансформациялоо) жогорку органдарга сунуш берүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара –Кулжа айыл аймагындагы калктуу конуштардагы турак үй курууга берилип кеткен 48.26 га жер аянтын, айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга (трансформациялоо) жогорку органдарга сунуштоо жагы Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Жер аянтын бир категориядан башка категорияга (трансформациялансын) которуу боюнча тийиштүү документтерин тариздөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жаанбаев Тургунбайга тапшырылсын.
Төрага | Б.Саипов |