Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 20-декабры № 13/5
Кара-Кулжа айылындагы аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери ( маркум) Жакыпов Таши-Ажынын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кара–Кулжа айылдык Кенешинин 23.04.2014-жыл № 8/2 “ Билим, маданий жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомуна ылайык, айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 19.12.2018-жыл № 6/2 чечимин жана Кара-Кулжа айылындагы аты жок көчөнүн тургундарынын 10-декабрь 2018-жыл № 4 “Кара-Кулжа айылындагы аты жок көчөгө (маркум) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери
(маркум) Жакыпов Таши-Ажынын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кара-Кулжа айылындагы аты жок көчөнүн тургундарынын 10-декабрь 2018-жыл № 4 “Кара-Кулжа айылындагы аты жок көчөгө (маркум) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери ( маркум) Жакыпов Таши-Ажынын ысымын ыйгаруу жөнүндөгу” протоколдук чечимдин негизинде, Кара-Кулжа айылындагы аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери ( маркум) Жакыпов Таши-Ажынын ысымы ыйгарылсын.
2. Кара-Кулжа айылындагы Жакыпов Таши-Ажы атындагы көчөгө көрнөктөрдү, турак үйлөрдүн катар санын илдирүү жана жолду жарыктандыруу, шарттарын жакшыртуу жагы Жакыпов Бактыбекке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Жээнбековго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |