Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 20-декабры № 13/6
Биймырза айылындагы К.Момбеков атындагы көчөдө жайгашкан № 3 Үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборуна Саламаттыкты сактоонун мыктысы Абдыкадыров Мамазакирдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кара–Кулжа айылдык Кеңешинин 23.04.2014-жыл № 8/2 “ Билим, маданий жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомуна ылайык, айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 19.12.2018-жыл № 6/3 чечимин жана Биймырза айылындагы № 3 Үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборуна 05-декабрь 2018-жыл № 1 “Биймырза айылындагы № 3 Үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборуна Саламаттыкты сактоонун мыктысы Абдыкадыров Мамазакирдин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Биймырза айылындагы № 3 Үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборуна 5-декабрь 2018-жыл № 1 “Биймырза айылындагы № 3 Үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборуна Саламаттыкты сактоонун мыктысы Абдыкадыров Мамазакирдин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимдин негизинде, Биймырза айылындагы № 3 Үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборуна Саламаттыкты сактоонун мыктысы Абдыкадыров Мамазакирдин ысымы ыйгарылсын.
2. Абдыкадыров Мамазакир атындагы №3 Үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборуна демөөрчүлүк көрсөтүү жана муктаждыктарына көмөк көрсөтүү жагы А.Абдыкадыровго жана Т.Абдыкадыровго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.Кадыровго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |