Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 20-декабры № 13/7
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин долбоорунун кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 4-“Жергиликтүү кеңештердин ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери жөнүндөгү” главасын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 "Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесин жетекчиликке алып жана депутаттардын Кара- Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 14.12.2018-жыл №8 «Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2019-жыл бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндөгү» протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2019-жыл бюджетинин долбоорунун кирешелер бөлүгү 42.068.900 сомго бекитилсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2019-жыл бюджетинин долбоорунун чыгашалар бөлүгү 42.068.900 сомго бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө салык агенти төлөөчү киреше салыгынан (подоходдон) түшүүчү 3.800.000 (үч миллион сегиз жүз мин) сом жана жер казынасынан пайдалануу укугуна кармоо үчүн акыдан түшүүчү 11.037.000 (он бир миллион отуз жети мин) сом акча каражатын киреше бөлүгүнөн кыскартуу жагы Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (А.Мамасалиевага) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |