Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 20-декабры № 13/8
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевдин ишмердүүлүгүн кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 05.11.2018-жылдагы № 19-к “Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы жана 2018-жылдын жыйынтыгына карата милдеттери жөнүндөгү” токтомун, райондун аймагында турмушка ашыруу жөнүндөгү райондук мамлекеттик администрациясынын 26.11.2018-жылдагы № 54 токтомунда Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктардын жана жыйындардын план тапшырмалары аткарылбагандын талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2018-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетке түшүүчү автотранспорт салыгынын жана жайыттан алынуучу жыйымдардын план тапшырмалары аткарылбагандыгы үчүн Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге эскертүү жарыялансын.
2. 2018-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетке түшүүчү автотранспорт салыгынын жана жайыттан алынуучу жыйындардын план тапшырмаларын аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо коммуналдык менчик маалымдуулук, жаштардын иштери социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (А.Мамасалиевага) тапшырылсын.
Төрага | Б.Саипов |