Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 20-декабры № 13/9
Кыргыз Республикасынын Каржы министирлиги тарабынан откоруп берүүчү гранттан айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн акча каражатын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 4-“Жергиликтүү кеңештердин ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери жөнүндөгү” главасын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 "Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесин жетекчиликке алып Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Каржы министирлиги тарабынан откоруп берүүчү гранттан келип түшкөн 1.000.000 (бир миллион) сом акча каражаты Биймырза айылындагы таза-суу артезиан кудугун ишке киргизүүгө 140.000 (бир жуз кырк мин) сом, Кара-Кулжа айылындагы корүстөндүн айланасын тосууга 600.000 (алты жуз мин) сом жана Кара-Кулжа айылындагы Бекен уулу Рысбай, Ш. Кадыров, Ж. Эркебаев атындагы кочолорун тунку жарыктандыруу прожекторлорун орнотууга 260.000 (эки жуз алтымыш мин) сом акча каражаттары болуштурулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (А.Мамасалиевага) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |