Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 20-декабры № 13/10
Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) резервине Ибраимов Кубанычбектин талапкерлигин сунуштоо жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин аймагындагы Кара-Кулжа айылындагы элдик жыйындардан Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн 26.10.2018-жылдагы Жанылык атындагы көчөсүнүн шайлоочуларынын элдик жыйынын катышуучуларынын № 1 -протоколун талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн 26.10.2018-жылдагы Жанылык атындагы көчөсүнүн шайлоочуларынын элдик жыйынын катышуучуларынын № 1 -протоколу бекитилсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жаңылык атындагы көчөсүнүн шайлоочуларынын элдик жыйынынан көрсөтүлгөн жеке ишкер Ибраимов Кубанычбек Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунуш кылынсын.
Төрага | Б.Саипов |