Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 20-декабры № 13/11
Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндөгү” кодексинин талаптарын аткаруу максатында Кара-Кулжа айылындагы Суранбай атындагы көчөдө жайгашкан “Мезгил үнү” райондук газетасынын имаратынын 1- кабатындагы бөлмөнү ондоого акча каражатын болуп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 14.12.2018-жыл № 8 «Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2019-жыл бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндөгү» протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :-
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2019-жыл бюджетинен Кара-Кулжа айылындагы Суранбай атындагы көчөдө жайгашкан “Мезгил үнү” райондук газетасынын имаратынын 1- кабатындагы бөлмөнү ондоого 30. 000 (отуз мин) сом акча каражаты болүнүп берилсин.
2. Кошумча булактардан акча каражатынан комок көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо коммуналдык менчик маалымдуулук, жаштардын иштери социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (А.Мамасалиевага) тапшырылсын.
Төрага | Б.Саипов |