Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 20-декабры № 13/12
Кыргыз Республикасынын 10.08.2018-жыл № 89 мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 28.06.2018-жылда кабыл алынган “Салык эмес кирешелер жөнүндөгү” Кодексинин 73-74-75-76-80-90-100- беренелеринин негизинде салык эмес кирешелердин түрлөрүн бекитуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 10.08.2018-жыл № 89 мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 28.06.2018-жылда кабыл алынган “Салык эмес кирешелер жөнүндөгү” Кодексинин 73-74 беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгуу жыйынын күчүнө киргизүү, 75-76 беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөө мөөнөтүн бекитүү, 80-90 беренелеринин негизинде жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөө мөөнөтүн бекитүү, 100 беренесинин негизинде муниципалдык мүлктү ижарага берүү үчүн ижара акысын аныктап берүү максатында жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 19-декабрь 2018-жылдагы чечимин талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын 10.08.2018-жыл № 89 мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 28.06.2018-жылда кабыл алынган “Салык эмес кирешелер жөнүндөгү” Кодексинин 73-74-75-76 беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйым 2019-жылдын 1-январынан баштап ар бир жашоочуга 15 сомдон бекитилсин жана төлөө мөөнөтү жылда үстүбүздөгү жылдын 1-июлга чейин белгиленсин.
2. 80-90 беренелеринин негизинде Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйындын өлчөмү ар бир шарттуу бодо малга 60 сом, жылкыга 60 сом, кой, эчкиге (5 баш кой бир шарттуу баш болуп эсептелинет) 60 сомдон төлөм бекитилсин жана төлөө мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен төлөө белгиленсин.
3. 100- беренесинин негизинде муниципалдык мүлктү ижарага берүү үчүн ижара акысынын өлчөмү бир квадрат метр аянт үчүн 50 (элүү) сомго белгиленсин төлөө мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-декабрдан кечиктирбестен төлөө жана төмөндөгү социалдык имараттарга бектилсин:-
А.Кара-Кулжа айылы “Белек” чайханасы 180 метр квадрат х 50 сом жалпы 9000 сом
Б.Биймырза айылы мончо 120 метр квадрат х 50 сом жалпы 6000 сом
В.1-Май айылы мончо 90 метр квадрат х 50 сом жалпы 4500 сом
Г.Сары-камыш айылы мончо 60 метр квадрат х 50 сом жалпы 3000 сом
4. Жогоруда белгиленген салык эмес төлөмдөр 37 берененин 6-бөлүмүнө ылайык кечиктирилген ар бир күн үчүн өндүрүлбөгөн калдыктын өлчөмүнүн 0.09% өлчөмүндө туум эсептелээри эске алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо коммуналдык менчик маалымдуулук, жаштардын иштери социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (А.Мамасалиевага) жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Турдубай уулу Тилекке жүктөлүн.
Төрага | Б.Саипов |