Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-августу № 1
Ынтымак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы № 11 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясынын күн тартибиндеги Ынтымак айылдык кенешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы №11 токтомуна өзөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Ынтымак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципаиалдык менчикке алынган 2018-жылдын 29-декабрындагы №11 токтомуна өзгөртүү толуктоолор киргизилсин
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 0,70 га муниципиалдык менчик жер аянтына 0,30 га жер аянтына бала бакча, 0,30 больница жана 0,10 га жер аянтына кайра иштетүүчү ишкана куруу жагы жактырылсын
2. Жогоруда аталган жер аянтына тиешелүү болгон юридикалык документтерди даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын
3.Аталган жер аянтына бала-бакча, больница жана кайра иштетүүчү ишкана куруу үчүн архитектуралык документтерин даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө тапшырылсын
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | А. Абдикулов |