Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6 – чакырылышы) кезектеги XХII сессиясы
2019-жылдын 22-августу №5
Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн жана штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы №101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 13-пункутуна ылайык Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата калктын саны 10 000 (он миң) ден ашкандыгына байланыштуу штаттык түзүмүнүн саны төмөндөгүдөй болуп бектилсин (штаттык бирдик тиркелет)
2. Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдике өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробековко тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробековко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдикулов |
Администрациялык кызмат орундарынын бөлүнүшү боюнча түзүмү
Айыл өкмөтүнүн башчысы 1 орун;
Айыл өкмөтүнүн орун басары 1 орун
Жооптуу катчы кызмат оруну 1 орун;
Каржы экономика бөлүм башчысы 1орун ;
Башкы адис кызмат орунуна 4 орун:
- Айыл өкмөтүнүн ветеринардык тейлөө боюнча башкы адиси;
- Айыл өкмөтүнүн сатып алуулар боюнча башкы адиси;
- Айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси;
- Айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча башкы адиси;
Жетектөөчү адис кызмат орунуна 8 орун:
- Айыл башчы 4 орун;
- Айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси;
- жетектөөчү адис бухгалтер-кассир ;
- Айыл өкмөтүнүн экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адиси;
- Айыл өкмөтүнүн сатып алуулар боюнча жетектөөчү адиси
Адис кызмат орунуна 4 орун:
- Айыл өкмөтүнүн аскердик эсепке алуу боюнча инспектору 2 орун;
- Айыл өкмөтүнүн маалымат технологиялар боюнча адиси;
- Айыл өкмөтүнүн салык маселелер боюнча адиси;
Ынтымак айыл өкмөтүнүн
жооптуу катчысы: Н. Абдужапар кызы