Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
(VI-шайланган) кезектеги II сессиясы
2019-жылдын 07-августу №2/1
Савай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын II-жарым жылдыгына карата бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Савай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С. Каримжановдун 2019-жылга смета боюнча жыл башында акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу, 1-июнга карата кошумча акча каражатын кароо боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн тармактар жана статьялар боюнча өзгөртүү үчүн Савай айылдык округунун кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин 4-пунктуна жана 109-беренесинин 2-пункттарына ылайык Савай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин чыгашалар бөлүгүнүн 70111 тармагынын 2224 статьясынан 6,0 миң сомго, 3113 статьясынан 100,0 миң сом, 70823 тармагынын 2223 статьясынан 13,9 миң сом, 70921 тармагынын 2222 статьясынан 90,4 миң сом, 2221 статьясынан 38,2 миң сом, 2224 статьясынан 324,0 миң сомго, 70911 тармагынын 3111 статьясынан 13,3 миң сом, 2218 статьясынан 501,1 миң сом, 70421 тармагынын 2221 статьясынан 300,0 миң сом, 70629 тармагынын 3113 статьясынан 200,0 миң сом, 2221 статьясынан 80,0 миң сом, жалпы 1666,9 мин сом акча каражаты кыскартылып, 70921 тармагынын 2215 статьясына 70,0 миң сомго, 3111 статьясына 200,0 миң сомго, 70911 тармагынын 2224 статьясына 216,0 миң сомго, 70629 тармагынын 2215 статьясына 230,0 миң сомго, 3112 статьясына 50,0 миң сомго, 3111 статьясына 900,9 миң сомго өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
2. Токтомду аткаруу Савай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Баимбетов