Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-сентябры № 21
Кара-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Эрматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 2019-жыл үчүн каралган аппарат разделинин 2222 ар түрдүү сатып алуулар беренесинен 565,8 миң сомду, ушул эле разделдин:
1. 2215-беренесине 150,0 миң сом көчөлөргө шагыл төгүү кызматына.
2. 2215-беренесине 62,1 миң сом ар түрдүү келишимдер менен иштөөлөргө.
3. 2215-беренесине 10,0 миң сом айыл чарба ярмаркасын өткөрүүгө.
4. 3111-беренесине 100,0 миң сом Ш.Токсонов мектебинин айланасын тосууга.
5. 3111-беренесине 243,7 миң сом Ынтымак балдар бакчасына жылытуу орнотуу учун жылдырылсын.
2. Аппарат разделинин 2211-беренесине IV квартал үчүн каралган 94,5 миң сомдун 74,5 миң сомун жана 2215-беренесинин 233,1 миң сомунун 100,0 миң сомун ушул жылдын III кварталына жылдырылсын.
3. Билим беруу разделинен мектептер бөлүмүнүн 2215-беренесинен 100,0 миң сомду аппарат разделинин 2215-беренесине, Кара-Булак ФАПтын айланасын тосуу үчүн.
Ал эми маданият разделинин китепканалар бөлүмүнүн 2222 ар түрдүү сатып алуулар беренесинен IV кварталына каралган 7,1 мин сомун жана Клуб бөлүмүнүн 2222 ар түрдүү сатып алуулар беренесинин IV кварталына каралган 11,3 миң сомун ушул эле бөлүмдөрдүн III кварталдын 2222 беренелерине жылдырылсын.
4. Билим берүү разделинен мектептер бөлүмүнүн 2224-беренесинен үнөмдөлгөн 168,0 миң сомду, ушул эле бөлүмдүн 3112-беренесине сатып алуулар үчүн 130,0 миң сом жана 2221 беренесине кезектеги ондоолор үчүн 38,0 миң сом. Ал эми балдар бакчасы бөлүмүнүн 2224 беренесинен үнөмдөлгөн 40,2 миң сом, аппарат разделинин 2215-беренесине турмуш шарты оор уй-бүлөөлөр үчүн көмүр сатып алууга жылдырылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И. Тилеков
|