Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
(VI-шайланган) кезектеги II сессиясы
2019-жылдын 07-августу №2/5
Савай айыл өкмөтүнө караштуу «Савай-Тазалык» ишканасына таштандыларды чыгаруу үчүн төлөө тарифине өзгөртүү киргизүү жана ишкананын тракторун ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 16-беренесинин негизинде Савай айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. «Савай-Тазалык» ишканасынын калкка көрсөткөн кызмат акысы таштандынын бир кабына 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө төлөө тарифи өзгөртүлсүн.
2. «Савай-Тазалык» ишканасынын трактору айына 5000 ( беш миң) сом өлчөмүндө ижарага берилсин жана трактрорду ондоп түзөө иштери ижарачыга милдеттендирилсин.
3. Бекитилген төлөө тарифтери боюнча иш алып бару жагы «Савай-Тазалык» ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Баимбетов |