Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 18-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына калган калдык боюнча бөлүштүрүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына калган калдык боюнча Т.Кулатов айылдык кеңешинин "бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевдин 2019-жылдын 1-январына карата калган калдык боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып депутаттардын сунушун эске алуу менен Т.Кулатов айылдык кеңешинин "бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган протоколдун негизинде Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттинде калган калдыгы № 1 тиркемеге ылайык каржылоолор жүргүзүлүүчү 12276,1 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттарын сарамжалдуу өз багытында иштетүү жагын айыл өкмөт башчысы Н.Мадимаров менен айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |