Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 18-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө кызматтык "Нива" автоунаасын сатып алуу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө кызматтык "Нива" автоунаасын сатып алуу үчүн "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин" 29-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3 бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу, жаңыдан "Нива" автоунаасын сатып алуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинен 500 000 (беш жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетилишине көзөмөлдүк кылуу жагы Т.кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |