Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 18-3
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы тескөөчүлөргө кызматтык формасын тиктирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 12.4563 сандуу катына негиз,Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июунундагы № 82 сандуу "Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу" боюнча мыйзамынын 14-беренесине таянып,Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы тескөөчүлөргө кызматтык форма тиктирүү үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 51 000 (элүү бир мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетилишине көзөмөлдүк кылуу жагы Т.кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |