Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 18-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Каримберди" бөлүмүнүн түштүк чыгыш тарабынан бош жаткан 1,0 га жер аянтына кыш завод куруу үчүн жана 3,0 га жер аянтын топурак алуу (карьер) үчүн жер аянттарын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Каримберди" бөлүмүнүн түштүк чыгыш тарабындагы бош жаткан 1,0 га жер аянтына кыш завод куруу үчүн жана 3,0 га жер аянтын топурак алуу (карьер) үчүн жалпы 4,0 га айыл чарба багытындагы жер аянттарын жер аянттарын "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндөгү жер комиссиянын төрагасы А.Муратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү" Жобонун 31-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
5. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Каримберди" бөлүмүнүн түштүк чыгыш тарабынан № 524 контурунан 1,0 га жер аянтын кыш чыгаруучу завод куруу үчүн жана № 521 контурунан 3,0 га жер аянтын топурак алуу (карьер) үчүн жалпы 4,0 га кайрак айдоо жер аянтарын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
6. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Каримберди" бөлүмүнүн түштүк чыгыш тарабынан № 524 контурунан 1,0 га жер аянтын кыш чыгаруучу завод куруу үчүн жана № 521 контурунан 3,0 га жер аянтын топурак алуу (карьер) үчүн жалпы 4,0 га кайрак айдоо жер аянтарын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
7. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Каримберди" бөлүмүнүн түштүк чыгыш тарабынан № 524 контурунан 1,0 га жер аянтын кыш чыгаруучу завод куруу үчүн жана № 521 контурунан 3,0 га жер аянтын топурак алуу (карьер) үчүн жалпы 4,0 га кайрак айдоо жер аянтары трансформациялангандан кийин Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү жеке ишкер Рустамбек Нарматов менен ижаралык келишим түзүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |