Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 18-5
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Жин-Жиген" бөлүмүнөн, мурдагы "Ленин комсомолу" атындагы шахта жайгашкан "Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы 180,0 га жер аянтына кирген 3,0 га жер аянтын "Вернель Трейдинг" Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна убактылуу пайдаланууга ажыратып берүү жөнүндө
"Вернель Трейдинг " ЖЧКнун башкы директору Б.Төлөмүшовдун 2018-жылдын 7-августундагы № 558 сандуу арызына негиз, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Жин-Жиген" бөлүмүнөн, мурдагы "Ленин комсомолу" атындагы шахта жайгашкан "Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы 180,0 га жер аянтына кирген 3,0 га жер аянтын " Вернель Трейдинг" Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна убактылуу пайдаланууга ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 берелерине таянып , депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Жин-Жиген" бөлүмүнөн, мурдагы "Ленин комсомолу" атындагы шахта жайгашкан "Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы 180,0 га жер аянтына кирген № 31 контурунан 3,0 га жер аянтын "Вернель Трейдинг" Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна 49 (кырк тогуз ) жылдык мөөнөткө ижара шарттарында мөнөөттүү (убактылуу) пайдаланууга ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилген 3,0 га жер аянты боюнча ижаралык келишимди "Вернель Трейдинг" ЖЧКнун жетекчилиги менен түзүү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |