Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 18-7
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга өзүнчө статус алуу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын батыш тарабынын жогорку жагындагы Алак,Дөн маала, Чоко маала,Бак маала,Чукур маала, Ак-Терек бөлүмү 2018-жылдын 15-мартындагы элдик жыйында өзүнчө айыл болгондугуна байланыштуу "Ак-Терек" айылы статусун алуу үчүн өткөргөн чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы "Ак-Терек" айылынын тургундарынын өзүнчө статус алуу жөнүндөгү 2018-жылдын 15-мартындагы № 2 жалпы элдик чогулушунун протоколу колдоого алынсын.
2. Айыл аймагындагы Ак-Терек айылына өзүнчө статус болуп, мамлекеттик классификаторго (САОТЭ) алып берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | А.Топчубаев |