Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 18-9
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына Республикалык бюджеттин эсебинен курулган спорт комплексин айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына Республикалык бюджеттин эсебинен жаңыдан курулган спорт залды айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндөгү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына Республикалык бюджеттин эсебинен жаңыдан курулган спорт зал айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Спорт залдын баланска алынуучу иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьектилерин куруу боюнча башкы адиси С.Бойдоновго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш ,өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча комиссиясына жана социалдык , маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо комиссиясларына жүктөлсүн.
Төрага | А.Топчубаев |