Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 19 сессиясы
2019-жылдын 19-марты № 19-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2018-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчисинин 2018-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.Камаровдун 2018-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча суугат суу пайдалануучуларга төмөнкүдөй наркта сугат сууга көрсөткөн кызмат акы үлүштүк 1га (бир) сотых жер аянтына 800 (сегиз жүз) сомдон, ал эми тамаркага 1 (бир) сотых жер аянтына 15 (он беш) сомдон, ал эми бак насос жана чаркы палак менен ж.б. суу пайдалангандарга 1 (бир) сотых жер аянтына 15 (он беш) сомдон тариф бекитилсин.
3. Суу ресурстарын башкаруу Фаз-1 долбоору тарабынан "Ходжа-Арык" СПАсына реабилитациялоо үчүн берилүүчү акча каражатын алууга жана 25 % пайыздык кайтарымды ар бир тамаркага пайдаланган суудан тышкары бир жылына 400 (төрт жүз ) сомдон төлөп берүүгө макулдук берилди.
4. Мекеме-ишканалар, "Түштүк-Кыргыз цемент" заводу,Ак-Сай цемент заводу, Т.Кулатов атындагы кыш заводу менен түзүлгөн суу алуу келишиминде суу кызмат акысыны 2 эсеге көтөрүү жагы СПАнын жектекчиси А.Камаровго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөолдөө жагы айылдык Кенештин "айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчиси Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
Төрага | А.Топчубаев |