Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 19 сессиясы
2019-жылдын 19-марты № 19-3
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы мергенчилерге карышкыр,чөө, итттерди атуу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы мергенчилерге карышкыр,чөө, итттерди атуу жөнүндөгү вет.адис И.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,мергенчилердин керектүү иш кагаздары жана мергенчилик куралынын уруксат кагаздары менен таанышып чыгып,Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы мергенчилерге карышкыр,чөө, итттерди атуу үчүн макулдук берилсин.
2. Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнөн уруксат берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук , мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |