Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 19 сессиясы
2019-жылдын 19-марты № 19-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Ак-Чаңгал бөлүмүнүн түштүк тарабынан бош жаткан 1.0 га жер аянтына проектинин негизинде логистикалык борбор куруу үчүн жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүнөн бош жаткан 1.0 га жер аянтына проектинин негизинде логистикалык борбор куруу үчүн 1.0 га айыл чарба багытындагы жер аянтын "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндөгү жер комиссиянын төрагасы А.Муратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү" Жобонун 31-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
9. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүнүн технологиялык жолдун түштүк тарабынан логистикалык борбор куруу үчүн жайыт жеринен № 3740 контурунан 1.0 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
10. Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүнүн технологиялык жолдун түштүк тарабынан логистикалык борбор куруу үчүн жайыт жеринен № 3740 контурунан 1.0 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
11. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүнүн технологиялык жолдун түштүк тарабынан логистикалык борбор куруу үчүн жайыт жеринен № 3740 контурунан 1.0 га жер аянты "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулгандан (трансформациялангандан) кийин Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү Ак-Терек айылынын тургуну Жумабаев Мавлян менен ижаралык келишим түзүлсүн.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |