НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2019-жылдын 15-майы № 1
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын Ноокат райондук прокуратурасынын 2019-жылдын 19-марттагы “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жана тартиптик чара көрүү жөнүндөгү” №1ү351-19 сандуу сунуш катын аткарууга алуу жөнүндөгү 2019-жылдын 18-апрелиндеги №1-10ү641 каты жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокат райондук Прокуратурасынын 2019-жылдын 19-мартындагы 1ү351-19 сандуу сунуш катынын негизинде айтылгандай «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» социалдык экономикалык абалдарын жакшыртуу максатында Ноокат районунун 16 айыл өкмөтү тарабынан тийиштүү иш-чаралардын негизинде сырттан инвестициялар тартылган. Ал эми Ноокат шаардык мэриясы тарабынан бул багытта эч кандай жумуш аткарылган эмес жана 2018-жылы Ноокат шаарына сырткы инвестиция жана Республикалык бюджеттен ички инвестициялар тартылган эмес.
Ноокат шаарында буга чейин бир да инвестиция тартылбагандыгын жана шаардагы автотранспорттордун баш аламан токтотулгандыгына, иретсиз көчө соодасынын өсүшүнө алып келген жагдайларды эске алып, көчө соодасын иретке келтирүүдө берилген тапшырмаларды аткарууда Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдинов тийиштүү кызматкерлердин ишин көзөмөлдөбөгөндүктөн, талап кылынган жумуштар аткарылбаган.
Жогорудагылардын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2 пунктчасын жетекчиликке алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарынын мэри Ж.А.Нурдиновго «эскертүү» берилсин жана инвестиция тартуу боюнча жылдын жыйынтыгы менен отчет берүү жагы милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |