Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2019-жылдын 15-майы № 3
Ноокат шаарынын Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин интернатына видео көзөмөл орнотуу үчүн бөлүнгөн акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин интернатына видео көзөмөл орнотуу үчүн бөлүнгөн акча каражатын пайдалануу багытын “чарбалык керектөөлөр үчүн” деп өзгөртүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарынын Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин интернатына видео көзөмөл орнотуу үчүн бөлүнгөн акча каражатын пайдалануу багытын “чарбалык керектөөлөр үчүн” деп өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |