КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2019-жылдын 01-февралы № 1/1
Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө жана 2019-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин киреше,чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана 2019-жылдын бюджетинин сметасынын бекитилүүсү жөнүндө ФЭБ башчысы Т Аранжановнанын маалыматын угуп жана талкуулап Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндөгү отчету канаттандыраарлык деп табылсын:
- Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 7408,6 мин сом, анын ичинен теңдөөчү грантты 2660,2 миң сом эсепке алганда 4718,2 миң сом болуп жана атайын каражат 30,0 миң сом болуп бекитилсин;(№1 тиркеме тиркелет):
- Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 7408,6 миң сом болуп бекитилсин; (№2 тиркеме тиркелет):
- Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга карата бюджеттин долбоорун чегерилүүчү теңдөөчү грантты жана атайын каражатты эсепке алып, 2020-жылга карата 7764,3 миң сом, 2021-жылга карата 8095,2 миң сом бекитилсин; (№3 тиркеме тиркелет):
- 2019-жылга карата Күнтуу айыл өкмөтүндөгү бюджеттин чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, коммуналдык төлөмдөр(көмүр) каралсын;
- Күнтуу айыл аймагындагы жылдык планды ашыгы менен аткаруу учурунда киреше бөлүккө түшкөн акча каражаты, Күнтуу айыл аймагындагы социалдык-маданий иш чараларды уюштурууга чыгымдоо каралсын;
- Чыгымдарды үнөмдөөнүн натыйжасында жылдын акырында калган кирешелердин чыгымдардан ашкан суммасы 01.01.2019-жылга карата (бош калдыктар), негизги эсепетен 575,9 мин сом бекитилсин; (№4 тиркеменин негизинде);
- Күнтуу айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык бирдик саны 2019-жылга карата №1 №2 таблицага ылайык -2642,9 миң сом, маданият тармагы-183,6 мин сом бекитилсин;
- Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттар туура бөлүштүрүлүп жана белгиленген багытта жумшалсын;
- Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысына иштин зарылчылыгына байланыштуу атайын каражаттан жана бюджеттик эсептен бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө, бир эсеп-чоттон - экинчи эсеп-чотко элементтерин алымча кошумчасы менен которууга мыйзам чегинде уруксаат берилсин:
- Бул токтомдун аткарылышын Күнтуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Аранжанова Тамара Асанкановнага жүктөлсүн:
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Күнтуу айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин:
- Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.