Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-августу № 25/96
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2019–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 27–июнундагы № 20 жана № 22 протоколдорунун чечимдерин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын маданият бөлүмүнүн 2019–жылдын 6 айында шаарда маданият тармагын өнүктүрүү багытында жүргүзгөн иштери жөнүндө шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы К.Кулматованын маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн жетекчилигине (К.Кулматовага) милдеттендирилсин:
– Кыргыз Ресубликасынын Президенти С.Жээнбековдун 2019–жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында айылдык китепканалардын, Ак–Булак айылындагы клубдун иштерин активдештирүү жана аларды интернет байланышы менен камсыз кылуу багытында иштерди жүргүзүү жагы;
– шаардын жергиликтүү бюджетинен маданият тармагын өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу менен маданият тармагында өткөрүлүүчү ар түрдүү областык жана республикалык кароо-сынактарга, иш чараларга катышууну камсыз кылуу жагы;
– шаардын борбордук маданий эс алуу багынын санитардык жактан тазалыгын жакшыртуу багытында тийиштүү иштерди жүргүзүү жагы.
3. Кызыл–Кыя шаарынындагы «ЮТС» телерадиокомпаниясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө телерадиокомпаниянын аткаруучу директору А.Абсатаровдун маалыматы эске алынсын.
4. Кызыл–Кыя шаардык кеӊешинин өткөрүлгөн сессияларын шаардагы «ЮТС» телерадиокомпаниясынын эфиринен калкка жеткиликтүү жана толук кылып көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, шаардык кеӊештин бюджетине жетиштүү акча каражатын кароо жана эфирге берилүүчү сессиянын видеосъемкасын карап чыгуу, тактоо жана эфирге чыгарууга сунуш берүү жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Кызыл–Кыя шаарындагы «ЮТС» телерадиокомпаниясынын жетекчилигине (А.Абсатаровго) сунуш кылынсын:
– жаш өспүрүмдөрдүн тарбиясына терс таасир көрсөтүүчү чет элдик кинофильмдерди эфирге чыгарбоо жагы;
– шаардагы «ЮТС» телерадиокомпаниясынын интернет мейкиндигин ачуу багытында иштерди алып баруу жагы.
6. Кызыл–Кыя шаардык кеӊешинин жана шаардын мэриясынын органы болгон шаардык «Мезгил Жарчысы» гезитинин шаар калкына кызмат көрсөтүү боюнча алып барып жаткан иштери жөнүндө гезиттин башкы редактору А.Джуманазаровдун маалыматы эске алынсын.
7. Кызыл–Кыя шаардык «Мезгил Жарчысы» гезитинин башкы редактору А.Джуманазаровго милдеттендирилсин:
– өзүнүн ишине чыгармачылык мамиле жасоо, изденүү жана гезиттин сапатын жогорулатуу менен гезиттин чыгарылуучу тиражын көбөйтүү, материалдык–техникалык
– базасын бекемдөө жана финансалык абалын чыӊдоо багытында максаттуу иштерди алып баруу жагы;
– шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды жана жалпы билим берүү мекемелеринде өткөрүлгөн ар түрдүү иш чараларды гезитке чагылдырып баруу жагы;
– мындан ары гезиттин бетиндеги текстерде грамматикалык каталарга жол бербөө боюнча тийиштүү чараларды көрүү жагы.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова
|