Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2019-жылдын 01-февралы № 1/2
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн, Күнтуу айыл аймагындагы жайыт жерди алмаштыруу, же өткөрүп берүүсү боюнча кайрылуусу жөнүндө
Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймактык жайыт комитетинин жана жер комиссиясынын маалыматын эске алып, Күнтуу айыл аймагына тиешелүү жайыт жер, Кызыл-Туу айыл аймагына өткөрүлүп берилбесин жана алмашылбасын;
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө жана Кызыл-Туу айыл аймагынын жашоочусу Мамытбеков Аскенге бул чыгарылган токтомдун көчүрмөсү мыйзам чегинде берилсин;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевге жүктөлсүн;
4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Астаркулов |