Редакцияот 26.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

27 чакырылыштын 21 сессиясы

2019-жылдын 26-апрели № 21-27/2

 Жер тилкесин которуу жөнүндө

 Сокулук райондук комиссиясынын коротундусунун жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 беренесинин негизинде жалпы аянты 7,8 га (жайыт) болгон 286 контурдагы “Айыл чарба багытындагы жерди” башка “Транспорт, өнөр жай, байланыштын жана башка багыттагы жерлерге» которуу жөнүндөгү берилген материалдарын талкуулап

Жаны-Жер айылдык кенешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сокулук райондук комиссиясынын 2019-жылдын 19 апрелиндеги жер тилкесин которуу жөнүндөгү коротундусунун жана берилген материалдар бекитилсин.

2. 286 контурдагы аянты 7,8 га (жайыт) болгон “Айыл чарба багытындагы жерди” башка “Транспорт, өнөр жай, байланыштын жана башка багыттагы жерлерге» которууга уруксаат берилсин.

 

Төрага

А.Бердигулов