Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-августу № 25/97
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 23–июлундагы №36 протоколунун чечимин, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 09–апрелиндеги № 63 жана 2019–жылдын 07–майындагы № 64 протоколдорунун чечимдерин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын көчөлөрүн санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, курулуштар боюнча аткарылып жаткан иштери жөнүндө Кызыл–Кыя шаарынын 1–вице–мэри А.Гапаровдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментине (А.Эрматов) милдеттендирилсин:
– Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын белгилөөнүн алкагында шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча түзүлгөн иш чаралардын толук аткарылышын камсыз кылуу жагы;
– 2019–жылга бекитилген шаардын мэринин иш мэрчемдерин толук жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу жагы;
– Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып аткарылып жаткан шаардын борбордук көчөлөрүнө асфальт төшөө иштеринин сапаттуу аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы;
– бүгүнкү күндө шаардын «Таштемир ажы» ЖЧК нун – борбордук базарынын айланасындагы Асаналиев көчөсүнүн эки тарабындагы соода түйүндөрү тарабынан таштандыларды, тамак-аш калдыктарын төгүшүп, антисанитариялык абалды жаратып жатышкандыгына мыйзам чегинде тез арада тийиштүү чараларды көрүп, антисанитариялык абалды жоюу жагы.
3. Кызыл–Кыя шаарынын «Тазалык» муниципалдык ишканасына (К.Турдуматов) милдеттендирилсин:
– 2019–жылы жана андан мурдакы жылдарда шаардын аймагына отургузулган декоративдик жана башка дарактардын көктөп өсүүсүнө камкордук көрүү, сакталышын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы;
– шаардын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан таштандылардын өз убагында алынышын камсыз кылуу, ал үчүн кошумча трактордук тележкаларды орнотуу жагы;
– шаардагы санитардык тазалоону жакшыртуу максатында, таштанды салгычтарды (урналарды) жетиштүү санда даярдатып орнотуу жагы;
– жугуштуу оорулардын таркалышынын алдын алуу, санитардык абалды жакшыртуу максатында, таштандылар толгон тележкаларды алууда айланасындагы таштандыларды чогултуп тележкага салдыруу, мезгил мезгили менен тележкалардын айланасындагы бетон бордюрларды жана таштандылар топтолгон жайларды дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп туруу жагы.
4. Кызыл–Кыя шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери З.Абдрахмановага жугуштуу оорулардын алдын алуу, шаардын санитардык абалын жакшыртуу максатында, шаардын аймагындагы мекеме-ищканаларда жайгашкан, борбордук жана башка базарлардын аймагындагы ашканалардын, алардын айлана-чөйрөсүнүн тазалыгына мыйзам чегинде көзөмөл жүргүзүп, орун алган кемчилдиктерди жоюу боюнча тийиштүү чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.
5. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментинин 2019-жылга штаттык расписаниеси тиркемелерге ылайык бекитилсин.
6. Кызыл–Кыя шаарынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга штаттык расписаниеси тиркемелерге ылайык бекитилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча жана Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова
|