Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-сентябры № 25/98
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин 2019–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 27–июнундагы № 21 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкка социалдык кызмат көрсөтүүдөгү Кызыл-Кыя шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын калкка кызмат көрсөтүүдө 2018–жылда жана 2019–жылдын 1–кварталында аткарган иштери жөнүндө шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Т.Давлятованын маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык соцалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилигине (Т.С.Давлятовага) милдеттендирилсин:
– шаардагы аз камсыз болгон үй–бүлөлөрдү аныктоо, аларга социалдык паспортторду толтуруу, аларга жөлөк пулдарды чегерүүдө жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү иштеринде орун алган кемчилдиктерди четтетүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү жагы;
– шаардын мэриясы менен биргеликте балдарга карата зордук–зомбулуктарга жол бербөө багытында иштерди алып баруу жагы;
– шаардагы эмгек рыногуна мониторинг жүргүзүү менен калкка жана замандын талабына зарыл болгон кесиптерге кайра окутуу иштерин дайыма жүргүзүү жагы;
– жарандарга жөлөк пулдарды, балага сүйүнчү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды караган жеке ассистенттерге акы төлөөнүн шарттары жөнүндө шаар калкынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы;
– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга ден соолуктарын чыӊдоого санаториялык–курорттук мекемелерге берилүүчү жолдомолорду (путевкаларды) берүүнүн тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы;
– шаардын жаш өспүрүм тургуну, 2012–жылдын 21–январында туулган, шаардын Токтогул көчөсүнүн №92 үйүнүн жашоочусу, шаардагы №7 Т.Иметов атындагы орто мектебинин 7–классынын окуучусу Даниэл Кармышаковго туулгандыгы тууралу күбөлүктү алууга жакындан жардам берүү жагы.
3. Кызыл–Кыя шаардык соцалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Т.Давлятовага шаардык кеӊештин туруктуу комиссиясынын отурумдарына жеке өзүнүн катышуусу милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова
|