Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектүү II сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 2/5
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Мин-Булак айыл аймагындагы корукчуларга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Мин-Булак айыл аймагынын өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Мин-Булак айыл аймагындагы талаа жерлерин коруу үчүн корукчуларга 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн XXVII чакырылышынын кезектүү II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл аймагынын өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Мин-Булак айыл аймагындагы жерлерди коруу үчүн корукчуларга 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.
Төрага | К.Асанов |