Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы № 2/7
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Мин-Булак айыл аймагындагы таза суу чыгарууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Мин-Булак айыл аймагынын өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Мин-Булак айыл аймагындагы Осмонакун ата көчөсүнө таза суу чыгаруу үчүн кольцо сатып алууга 15 000 (он беш мин) сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл аймагынын өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Мин-Булак айыл аймагындагы Осмонакун ата көчөсүнө таза суу чыгаруу үчүн кольцо сатып алууга 15 000 (он беш мин) сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.
Төрага | К. Асанов |