Редакцияот 03.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 25-сессиясы

 

2019-жылдын 3-сентябры № 25/99

Кызыл-Кыя шаарынын, шаарга караштуу айылдардагы кварталдык, үй жана көчө комитеттеринин төрагаларынын, аксакалдар сотторунун, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңешинин элдин биримдигин, улуттар аралык мамилелерди чындоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 03–июлундагы №44 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл–Кыя шаарынын, шаарга караштуу айылдардагы кварталдык, үй жана көчө комитеттеринин төрагаларынын, аксакалдар сотторунун, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңешинин элдин биримдигин, улуттар аралык мамилелерди чындоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө шаардын вице–мэри А.Маткалыковдун маалыматы эске алынсын.

2. Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевге милдеттендирилсин:

–        шаардын, шаарга караштуу айылдардагы кварталдык, үй жана көчө комитеттеринин төрагаларынын, аксакалдар сотторунун, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңешинин элдин биримдигин, улуттар аралык мамилелерди чындоо боюнча жүргүзүп жаткан иштеринде орун алган кечилдиктерди четтетүү боюнча иш чара иштеп чыгуу, иш чаранын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы;

–        шаардын, шаарга караштуу айылдардагы кварталдык, үй жана көчө комитеттеринин төрагаларынын, аксакалдар сотторунун, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңешинин иштерине практикалык жактан жардам көрсөтүү максатында, шаардагы укук коргоо органдарынын жетекчилерин чакыруу менен кеӊешмелерди, семинарларды жана башка ушул сыяктуу иш чараларды мезгил мезгили менен өткөрүп туруу жагы;

–        кварталдык жана үй комитеттеринин жана аксакалдар сотторунун иштерин карап чыгуу, зарылчылыка жараша отчеттук кайра шайлоо чогулуштарын өткөрүү жагы;

–        шаардын мэриясынын алдындагы коомдук консультациялык этностор аралык Кеңешинин ишин активдештирүү жагы.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым

У. Дарипова