Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыш кезексиз XVIII сессиясы
2019-жылдын 19-январы № 76
Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгүн келишимди бекитүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши айыл өкмөтүндөгү ар кандай статистикалык маалыматтарды жыйноо жана аны керектүү жогорку органдарга жеткирип туруу максатын көздөп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Б.Тургунбаев |