Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыш кезексиз XVIII сессиясы
2019-жылдын 19-январы № 78
“Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылда аткарган иштери жана 2019-жылга пландаштырылган бюджетин бекитүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши жайыт комитетинин 2018-жылда жайыттарды пайдалануу, малчыларга өзгөчө сырткы жайыттарды пайдалануусуна шарт түзүү, жайыт акысынын планынын аткарылышы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыт комитетинин төрагасы К.Турдумамбетовдун жайыттарды пайдалануу, жайыт акысынын департамент аркылуу белгиленген (323,0 миң) планын 100% аткаргандыгы жана инвестиция тартуудагы аракеттери эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүндөгү такталган малдын санына, ички, сырткы жайыттардын аянтына ылайык долбоорлонгон жайыт комитетинин бюджети киреше, чыгашасы менен 423,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Тургунбаев |