Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыш кезексиз XVIII сессиясы
2019-жылдын 19-январы № 79
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан калган бюджеттик калдыгын пайдалануу жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши 2018-жылда пайдаланылбай калган бюджеттик алдыкты мектептерге, социалдык маселелерге жана айыл чарбалык иштерге пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн бухгалтери К.Максутовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүндөгү бала бакча үчүн 2215 статьясынан 50,0миң сом, мектептерге 2231 статьясынан 70,0 миң сом, айыл чарба жумуштарына 2215статьясына 172,2 миң сом, жалпысы 292,2миң сом калдык бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «бюджеттик жана финансалык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына, айыл башчыларына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Тургунбаев |