Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыш кезексиз XVIII сессиясы
2019-жылдын 19-январы № 80
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн малдарын жайлоого көчүрүү, келүү мөөнөттөрүн жана эгинге түшкөн малдарга жаза чараларын бекитүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши жалпы элдин эгинин, чөп ормосун вегетациялык мезгилде сактап калуу, келерки түшүмдүүлүк үчүн кам көрүү максатында жайыт комитетинин төрагасынын сунуш пикирлерин угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн малчыларынын жайлоого көчүү убактысы 1-майдын 10-майга чейин, көчүп келүү убактысы 15-сентябрдан кийинки мөөнөткө болуп бекитилсин.
2. Эгинге түшкөн малга келтирилген чыгым боюнча комиссия түзгөн актыга ылайык, ал эми жайлоого кеч көчүп, же эрте келген малчыга да акты түзүлүп «бузуулар кодексинде» белгиленген чаралар көрүлөөрү жеткирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча» айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жана бардык айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Тургунбаев |